Бүгүн, 9-мартта Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмиратынын лидерлери АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Бул тууралуу "Известия" каналы билдирди.
Маалыматка ылайык, Байден Россиянын мунайын импорттоого тыюу салгандан кийин Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмиратынын башчылары менен дүйнөдөгү мунай жана газга болгон бааны талкуулоо үчүн сүйлөшүүгө чыккан. Бирок араб башчылары АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүүдөн баш тарткан.
Сүйлөшүүдө Украинадагы кырдаал да талкууланары белгилүү болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн