Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Байден Трамптын башкы атаандашы

08.06.2020 11:52
998
Байден Трамптын башкы атаандашы


Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы вице-президенти 77 жаштагы Джо Байден ушул жылдын ноябрь айында өтүүчү президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын расмий талапкери жана республикачы Дональд Трамптын башкы атаандашы болот.


Байден АКШ президенттигине ушуну менен үчүнчү ирет талапкерлигин коюп жатат, деп билдирди ВВС.


Аналитиктердин пикиринде, Байдендин шайлоо алдындагы өнөктүгүнүн башкы темасы COVID-19га каршы жана жумушсуздук менен күрөшүү, ошондой эле өлкөдө басаңдабай жаткан массалык баш аламандыктар болот.


Байден буга чейин өткөрүлгөн праймериздердин жыйынтыгында партиянын 1900дөн ашык делегаттарынын колдоосуна ээ болуп, расмий талапкер катары таанылды.


Барак Обаманын тушунда вице-президенттик кызматты ээлеген Джо Байден праймериздерде Айова жана Нью-Гэмшпир штаттарында уттурган менен Түштүк Королинадагы ишенимдүү жеңиши партия боюнча атаандаштарын оюндан сүрүп чыгарууга мүмкүндүк берди.


Ал эми Президент Дональд Трамп “Уйкулуу Джо” деп атаган демократ атаандашы Байден менен кармашууну чыдамсыз күтүп жаткандыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн