Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Байден Трамптын иммигранттар боюнча жарлыгын жокко чыгарды

26.02.2021 09:32
487
Байден Трамптын иммигранттар боюнча жарлыгын жокко чыгарды

АКШнын президенти Жо Байден Дональд Трамптын көптөгөн грин-карта ээлеринин Кошмо Штаттарга кирүүсүнө тыюу салган жарлыгын жокко чыгарды.


Трамп жарлыкты былтыр чыгарып, коронавирус пандемиясына байланыштуу америкалыктарды жумушсуздуктан сактоо зарылдыгын билдирген. Башында чет өлкөлүктөрдүн айрым категориясы үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салуу чечими 2020-жылдын соңунда аягына чыкмак, бирок Трамп аны кийинчерээк март айынын аягына чейин узарткан.

Миграция маселелери боюнча юристтердин айтымында, Трамптын жарлыгы көптөгөн иммигарциялык визаларга бөгөт койгон. Иммигранттар үй-бүлө мүчөлөрү менен өлкөгө кирүү укугунан ажыратылган. Саламаттык сактоо жана башка ушуга окшогон кесип ээлеринен тышкаркы чет өлкөлүктөр үчүн жумуш визасы берилбей калган. Миңдеген грин-карта ээлери да АКШга кире албай калышкан.

24-февралда Байден бул жарлыкты жокко чыгарып, легалдуу мигранттардын өлкөгө киришине тыюу салуу – Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына туура келбей турганын айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн