Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:32
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Байден кайрадан Украинага барам деп тилден жаңылды. Ак үй анын сөзүн четке какты

16.04.2022 06:43
1082
Байден кайрадан Украинага барам деп тилден жаңылды. Ак үй анын сөзүн четке какты

АКШ президенти Жо Байден Украинага барбайт жана ал жакка сапары пландалган эмес. Бул туурасында америкалык администрациянын маалымат катчысы Жен Псакинин айтканын РИА Новости жазды.


Эске салсак, бейшемби күнү Байден Киевге иш сапар менен барууга даяр экендигин билдирген. Бул туурасында Мэриленд штатында учакка отурар алдында пресса өкүлдөрү менен сүйлөшүү маалында айткан.

Кыскача диалог учурунда Байденден админстрация мүчөлөрүнүн бирөө-жарымын Киевге жиберүүгө даяр же даяр эмес экендигин сурашканда бул туурасында чечим кабыл алына электигин айткан. АКШ президентинен бул иш кимге жүктөлөрүн такташ үчүн балким өзү барарын айтып, кайрадан собол узатышканда "мен" деп жооп берген.


Pod Sace America ресурсуна бул суроо-жооптун подкасты чыккандан кийин Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псакиден "Байдендин Украинага барышы чын эле талкууландыбы?" деп сурашкан. Бул суроого Псаки "жок" деп жооп берген. Анын айтымына караганда, президент "баарына даяр", анын ичинен Украинага баргандан да баш тартпайт. Бирок ал жакка баруу туурасында кеп болгон эмес.

"Президентти Украинага жөнөтпөйбүз. Борис Жонсон (Британия премьери) Украинанын борборуна жетиш үчүн кармаш жүрүп жаткан аймак аркылуу, кыязы, поездде сегиз саат жүргөн окшойт. Силерге айтарым, бул АКШ президентинин планына кирбейт", — деген Псаки.


Буга чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Байдендин Украинадагы геноцид туурасында сүйлөгөнү анын жеке пикири экендигин айткан эле.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн