Украина президенти Владимир Зеленский украиналыктарга чукул кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка караганда, Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
"Азыркы учурда Россия Федерациясынын Украинанын аймагына кол салды. Өлкөбүздүн бардык аймактарында аскердик режим киргизилгенин жарыялайм.
Азыркы учурда АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүү жүргүзүп жатам. Алар бизге керектүү жардамды берет",- деди Зеленский.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн