Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:13
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Байгазиев: Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү керек

29.12.2020 11:41
799
Байгазиев: Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү керек

Электр энергияга болгон тарифти көтөрүү керек. Бул тууралуу “Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ААКтын башкы директору Талайбек Байгазиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, "акылдуу" эсептегичтерди киргизүү менен электр энергиясына дифференциалдык тарифтерди киргизүү мүмкүн. Электр энергиясын керектөө ыкмасын керектөөчү өзү тандай алат.


«Жакында эле керектөө чектерин жогорулатуу же таптакыр алып салуу керектиги айтылды. Албетте,  муну жасаса болот, бирок анда тарифтер башкача болушу керек. Ар бир киловатт саатына 77 тыйындан төлөбөйсүз.Социалдык жактан муктаж адамдарга гана жеңилдетүү берип, калганына бирдей баа коюш керек.

Тарифти көтөрүү керек, анткени электр энергиясын колдонуу өсүп жатат. Экономиканы өнүктүрүү, энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу керек. Бул биз үчүн, Кыргызстан үчүн керек.Тарифтерди кескин болбосо да, бир аз көтөрүү керек. Ал ийкемдүү график менен пландаштырылууга тийиш. Коңшу мамлекеттердин бардыгы буга чейин тарифтерди көтөрүшкөн. Энергетика тармагында коррупциялык тобокелчиликтер бар. Компаниянын чыгымдарын оптималдаштыруу керек», - деп ал.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Советбек
Сен озун тологонсунбу 1 жолу элди ойлоп анан иш кылсан элге кыйын болуп жатат чиновникктер карапайым элден коп иштетет токту бирок бир тыйын тодобойт
Dr D Kyrgyzstan
Энергомафия аракетте , Росатом бизге келип 2 мгвт мини гэстерин сунуштаганда колдоо тапкан жок , инвестордон оодо озу таап бермек болсо да , анткени бизде тормоз бар экен! Караколго да бироо келген , документтери бутуп эле калган , бирок бир шылтоо болду : минигэстин суу отчу жерлери арестте делип . Дагы бир соз уктум : Балыкчынын ары жагынан кундон электроэнергия чыгарчуу фотоэлектрондук система орнотконго 500 га жер сурашса инвесторлор , бербей коюшуптур ! Ошондуктан куто берели кымбаттоолорду !