Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Байыркы кыргыз жазууларына арналган эстелик ачылат (фото)

22.03.2021 15:15
1434
Байыркы кыргыз жазууларына арналган эстелик ачылат (фото)


Байыркы кыргыз жазууларына эстелик коюу тилегибиз ишке ашканы турат, деп жазды экс-депутат Садык Шер-Нияз бүгүн, 22-мартта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.


Ал журналисттерге кайрылып, бул жаңылыгы менен бөлүшкөн.


“Бизде дагы бир жаңылык. Он жылдар бою көксөгөн бир арманым -  Байыркы кыргыз жазууларына эстелик койсом дечи элем. Ошол тилегибиз буюрса ишке ашканы туратАчекей айлына шаарчанын мэри Кубан Тойчубаев экөөбүз атайын аянт курдук, кыргыз оймосун келтирдик. Кытайдан уста алдырып, чок ортосуна казактан алып таш койдук, анын үстүнө алтын кызыбыз Тамила Маматова укмуш кылып скульптурасын орнотту”, - дейт Садык Шер-Нияз.

 


Ал белгилегендей, эстеликтин ачылышы 25-мартта саат 11:00дө болот. Аземди Асылбек акын алып барат.

 


Алдын ала маалыматтар боюнча, Кадыраалы Коңкобаев менен Кыяз Молдокасымов баштаган тарыхчылар, экс-депутат Өмүрбек Текебаев жана башка саясатчылар, ошондой эле Ибрагим Нуракун уулу, Шайырбек Абдрахманов, Мирлан Самыйкожо жана башка журналисттер катышат. Төкмө акын Азамат Болгонбаев өңдүү дагы башка маданий ишмерлер чакырылган.

 

Мындан тышкары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин катышуусу күтүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн