Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Байлыгынын өлчөмү 4 миллион доллардан ашкан финполдун кызматкери кармалды (Сүрөт)

19.01.2021 09:17
651
Байлыгынын өлчөмү 4 миллион доллардан ашкан финполдун кызматкери кармалды (Сүрөт)

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, Финансылык полициянын майору "Т.АР" аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2014-жылдан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын органдарында жетекчи кызматтарда иштеп жүргөндө «Т.А.Р.» тараптан Ош жана Бишкек шаарларынан 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатылып алынгандыгы аныкталды. Ал мүлктөр  анын жакын туугандарынын атына катталган .

 Мындан тышкары, Т.А.Р. Ош шаарына 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна олуттуу каражат жумшаган.


Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Т.А.Рдын кыймылсыз мүлк жана каржы активдеринин жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат, бул анын мыйзамдуу кирешесине туура келбейт.


18-январь күнү  "T.A.Р." кармалып,  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн