Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Байсалов: Социалдык турак-жай алуу үчүн жаңы нормаларды киргизүү керек

06.07.2022 15:31
386
Байсалов: Социалдык турак-жай алуу үчүн жаңы нормаларды киргизүү керек


Жарандардын социалдык турак-жай ала алышы үчүн жаңы нормаларды киргизүү зарыл. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык турак жай курулушу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишмердүүлүктү координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйынында билдирди.


Анын айтымында, турак жайдын жеткиликтүүлүгү маселеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок жана көп учурда бардык чечимдер ипотекалык саясатка алып келет.


«Буга байланыштуу биз калктын аялуу катмарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуунун жолдору боюнча жаңы нормаларды киргизүүбүз керек», - деди ал.


Ошол эле учурда Байсалов турак жай кодексиндеги ведомстволук турак жайларды 5 жылда менчиктештирүүгө кепилдик берген норманы алып салуу керектигин баса белгиледи.


Жыйындын жыйынтыгында ведомстволук, муниципалдык жана мамлекеттик турак жай фондун инвентаризациялоо чечими кабыл алынды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Шалпыкбаева Роза
Турак жайга кезекте тургандар,биринчи кезекте каралабы?