Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Байсалов менен Япониянын элчиси кыргыз-япон кызматташтыгын талкуулады

17.02.2023 14:39
230
Байсалов менен Япониянын элчиси кыргыз-япон кызматташтыгын талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэкини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.


Тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Атап айтканда, билим берүү, туризм, эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери козголду.


Эдил Байсалов билим берүү тармагындагы кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын көптөгөн стипендианттары Япониянын университеттеринде билим алат деген ишенимин билдирди.


«Биз студенттерибиздин жана адистерибиздин Япониянын престиждүү жогорку окуу жайларында окууга максаттуу багытталышына кызыкдарбыз», - деди ал.


Өз кезегинде элчи Года Хидэки билим берүү, туризм, эмгек миграциясы, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн башка чөйрөлөрүндө кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин ырастады.


Года Хидеки Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берүү үчүн Япониянын жалпыга маалымдоо каражаттарын, туристтик компанияларынын өкүлдөрүн активдүү тартууну сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн