Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Байсалов жана Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик Вице-министри Таро Хонда кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүү маселесин талкуулашты

08.06.2022 17:49
397
Байсалов жана Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик Вице-министри Таро Хонда кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүү маселесин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик Вице-министри Таро Хонда кыргыз-япон эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн Япония жакын жана достук мамиледеги өнөктөш мамлекет. Ал республиканын эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоону жана өнүктүрүүнү жактай тургандыгын белгиледи.


Өз кезегинде Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик Вице-министри Таро Хонда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана аны тереңдетүүгө карай даярдыгын билдирди.


Тараптар эл аралык саясаттын жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн