"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жооп берди. Бул тууралуу Текебаев Долон ашуусундагы кайрылууда билдирди.
Анын айтымында, Байсаловдун сөздөрү өлкөнү өзүм билемдер башкарып бара жатканын далилдейт.
" Мен Байсаловдун деңгээлине түшүп акыйнек айтышкым келбейт. Болгону Конституцияда көрсөтүлгөн жоболорду айткым келет. Президент аткаруу бийлигин жетектегенден кийин ачык жыйындарды өткөрүп, андагы токтомдор менен эл тааныш болушу керек",- деди Текебаев.
Мындан сырткары, ал шайлоо азырынча таза таза өтүп жатканын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн