Байтик айылындагы интернаттардын биринде балдардын массалык уулануусу катталды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ар кандай курактагы 23 бала жабыр тартышкан: 8 жаштан 20 жашка чейинки курактагылар. Алар 3-балдар ооруканасына жеткирилген. Бардыгына керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Буга кошо алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык экени айтылды.
Учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Алар эмнеден улам ууланганы азырынча белгисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн