Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Байтик айылында жаңы аэропорт курулушу мүмкүн

19.01.2024 15:31
288
Байтик айылында жаңы аэропорт курулушу мүмкүн


Министрлер кабинети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Байтик айылындагы аэропорт куруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгууну тапшырды.


Бул министрлер кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы буйругу менен даярдалууда.


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги компетенттүү органдарды же уюмдарды тартуу менен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жайгашкан жер участогуна аэронавигациялык, метеорологиялык жана башка зарыл изилдөөлөрдү жүргүзүшү керек.


Мындан тышкары, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКга инженердик-геодезиялык, инженердик-геологиялык иштерди камтыган деталдуу инженердик изилдөө иштерин жүргүзүү тапшырылды. Мунун баары жер аэропортту курууга ылайыктуу экендигин түшүнүүгө мүмкүндүк берет. «МАМ» ААК да бул иштерге каражат бөлүп, ӨКМ менен биргеликте жердин так координаталарын аныктайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн