Теке 27, 2024
Убакыт: 09:41
USD
EUR
RUB

Базар-Коргон районунун тургуну үч баласы менен дайынсыз болууда

11.03.2024 13:48
321
Базар-Коргон районунун тургуну үч баласы менен дайынсыз болууда


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жаңы-Акман айылынын тургуну 1988-жылы туулган Наргиза Абдалиева үч баласы менен (эки кыз, бир уул) дайынсыз болууда. Кыздардын улуусу 11, ортончусу 7 жашта, уулу экиге толгон.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, келин балдары менен үстүбүздөгү жылдын 28-февралында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Учурда алардын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Келиндин өзгөчө белгилери: Бою 160-165 см, ак-саргыл өңдүү, чачы кара, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Ак-саргыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Наргиза Абдалиева жана балдары тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү номерлерге чалып, кабарлап коюуну өтүнөт: 102, (03736) 5-02-61, 0224 00 00 15.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн