Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 200дөн ашуун мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар, соода түйүндөрү текшерилип, санитардык нормалардын, жеке гигиеналык эрежелердин сакталышы көзөмөлгө алынды.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, коронавируска байланыштуу 35
милициянын участкалык инспекторлору тейлеген аймактарында элге түшүндүрүү
иштерин жүргүзүштү. Алар жергиликтүү тургундарга азыркы кырдаалды туура
түшүнүп, зарылчылык
жаралбаса үйдө болуу керектигин, көчөгө чыкканда ар дайым бет кап тагынуу зарылдыгын эскертишти.
Ошондой эле
чакан антисептикалык каражаттарды жанына алып жүрүп, аны колдонуу менен
жугуштуу оорунун алдын алууга болоорун жеткиришти. Район аймагындагы айылдарда
милициянын көчмө кабылдамасына орнотулган үн чыгаруучу каражаттар аркылуу
пандемиялык абал жана андан сактануу жолдору айтылды.
Ал эми Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө эмгектенген жана обсервацияда кызмат өтөгөн ак халатчандарга бир күндүк ысык тамак уюштурулду. Милиция тарабынан алардын азыркы учурдагы кызматы эбегейсиз зор экендиги айтылып, бул илдетти биргеликте жеңе тургандыгы белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн