Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Базар-Коргондо 5 миң орундуу жаңы мечит салынды

29.10.2020 17:34
508
Базар-Коргондо 5 миң орундуу жаңы мечит салынды


Базар-Коргон районунда жаңы мечит салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Райондун имамы Тынчтыкбек ажы Шаиков билдиргендей,  жаңы мечиттин жанында 100 жылдык тарыхы бар мечит болгон. Анын эскилиги жетип калгандыктан бузулуп, анын ордуна заман талабына ылайык, бардык шарты менен 2 кабаттуу мечит салынган.    

«Ата-бабаларыбыздан калган эски мечит замандын талабына жооп бербей калгандыгына байланыштуу бузууга туура келди. Ордуна бардык шарты менен 5000 орундуу мечит салдык. Бир аз бүтпөгөн иштери калды. Жакынкы күндөрү эл кызматына пайдаланууга берилмекчи»,- деди имамТынчтыкбек ажы.

Белгилей кетсек, мечит Сауд Араб Падышачылыгынын жараны доктор Саид тарабынан каржыланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн