Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Базар-Коргондо алдамчылыкка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды

18.01.2024 13:22
403
Базар-Коргондо алдамчылыкка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды


Базар-Коргондо алдамчылыкка шектелип коңшу өлкөнүн жаранын кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда Н.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 10-октябрда 36 жаштагы М.У. аттуу адам ишеничине кирип "Мерседес-Бенц 200Е" үлгүсүндөгү автоунаасын 130 миң сомго баалап, акчасын 10 күндүн ичинде берен деп алдап кеткен адамга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Райондук милиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү коңшу өлкөнүн жараны 36 жаштагы М.У. экендиги аныкталган. Ошондой эле коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык издөөдө жүргөндүгү белгилүү болгон.

Шектүү 17-январда Базар-Коргон районунун аймагында кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн