Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:59
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Базар-Коргондо ардагерлерге 90 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды

05.05.2021 16:41
970
Базар-Коргондо ардагерлерге 90 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды


Базар-Коргондо Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери президенттин жана жергиликтүү бийликтин акчалай сыйлыктарын алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.


Базар-Коргон районунда ушул тапта 3 гана согуш ардагери калган. Ал эми райондо тылдын 5 ардагери жашап жатканын жергиликтүү бийлик кошумчалады.


«Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары айыл өкмөт башчылары менен бирге район аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, өлкө башчынын атынан бөлүнүп берилген 70 миң сом акча каражатын тапшырып келдик. Ардагерлер ушул тапта Базар-Коргон шаарында, Могол жана Арстанбап айыл аймактарында жашайт. Жергиликтүү бийлик да четте карап турбай, айыл аймактар 20 миң сомдон, ал эми Базар-Коргон шаары жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом акча каражатын бөлүп беришти. Район аймагында 9-май — Улуу Жеңиш күнүн чоң масштабда белгилөөнү пландап жатканбыз. Бирок илдет кайрадан күчөп жаткандыктан кичи форматта өткөрөбүз», - деди Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн