Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Базар-Коргондо айылга коркунуч жараткан табият кырсыгы алдын алынды (видео)

19.05.2020 13:42
888
Базар-Коргондо айылга коркунуч жараткан табият кырсыгы алдын алынды (видео)


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.  


Маалыматка ылайык,  Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында аскадан таш кулап, айылдагы 11 үйдү басып калуу коркунучу жаралган. Буга байланыштуу ӨКМнын кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүп, аталган таштарды айылга зыяны тийбегидей кылып алып түшүшкөн. Ага ӨКМнын 14 кызматкери тартылган. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн