Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 22:41
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Базар-Коргондо бир катар балдарды сабап, тоноого шектүү жаран кармалды

15.10.2020 16:38
554
Базар-Коргондо бир катар балдарды сабап, тоноого шектүү жаран кармалды

  • Базар-Коргон районунда бир катар балдарды уруп-сабоого жана тоноого шектелип 38 жаштагы “Жони” кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 9-октябрь күнү Базар-Коргон РИИБге, Базар-Коргон районунун тургундары 1990-жылы туулган М.А., 1997-жылы туулган Ш.М. арыз менен кайрылып, 8-октябрдан 9-октябрга караган түнү “Жони” аттуу жаран уюлдук телефондорун ачык түрдө тартып, ээлеп алгандыгын жана эч бир себепсиз уруп-сабап денесине залал келтиргенин жазып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. 

Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Мындан сырткары 9-октябрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Базар-Коргон аймактык ооруканасынан Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.А. денесинен жараат алып, амбулатордук жардам алып чыгып кеткен. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө денесинен жараат алган А.А. 8-октябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Базар-Коргон районунун тургуну 1982-жылы туулган Ж.Ж. аттуу атуул жана анын шериктери уруп, денесине залал келтиргени аныкталган. Ошондой эле Ж.Ж. шериктери менен 9-октябрь күнү Базар-Коргон районунун тургуну 1989-жылы туулган С.А. аттуу жаранды эч бир себепсиз бети башына таяктар менен уруп, денесине залал келтиргени аныкталган.  

Аталган фактылар Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагылардын негизинде Базар-Коргон РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыш ишине шектелип, Базар-Коргон районунун тургуну 1982-жылы туулган Д.Ж. 2020-жылдын 14-октябрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Д.Ж.нын буга чейин тоноо фактысы менен катталган кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, 28-август күнү Базар-Коргон райондук соту тарабынан 1 жылга пробациялык көзөмөл колдонуу мөөнөтү белгиленген.

Бүгүн, 15-октябрда Д.Ж.нын баш коргоо чарасы Базар-Коргон райондук сотунда каралат.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн