Базар-Коргондо куткаруучулар 13 күндөн бери дайынсыз өспүрүмдү издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-мартта Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
"Ошондон кийин издөө иштери башталган. Кечээ, 11-апрелде жерине издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 5 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Натыйжа болгон жок. 13-аперль күнү улантылат", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн