Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:00
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Базар-Коргондо кылым болгон мечиттин ордуна жаңысы курулууда (сүрөт)

18.06.2020 17:57
961
Базар-Коргондо кылым болгон мечиттин ордуна жаңысы курулууда (сүрөт)

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айыл аймагында мындан сексен жыл мурун СССР мезгилинде курулган тарыхый мечиттин  эскилиги жеткендигине байланыштуу ордуна жаны заманбап үлгүдөгү мечиттин  курулуш иштери башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, курулуштун башталышына Базар-Коргон райондук администрациясынын өкүлү  Авазбек Палванов, Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Гулийпа Сагынбаева, имамдар жана жергиликтүү жамаат катышты.


Базар-Коргон районунун имамы Тынчтык Шаиков: "Заманбап үлгүдө бардык шарттары бар үч кабаттуу мечит куруу алдында турабыз. 80 жылдык тарыхы бар эски мечитте райондун белгилүү имамдары, карылар кызмат кылышкан", - деди. 


Жаңы  мечитти курууга жалпы 70 миң доллар жумшалат, ага чет элдик уюмдар  демөөрчүлүк кылууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн