Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Базар-Коргондо селден улам 10 турак үйдүн короолору, ички жолдор жабыркады (видео)

06.08.2020 09:15
927
Базар-Коргондо селден улам 10 турак үйдүн короолору, ички жолдор жабыркады (видео)


Базар-Коргон районунда сел сууларынан улам 10 турак үйдүн короолору жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 5-августта саат 19:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короолорун каптаган жана 1 сарайдын дубалын бузуп кеткен. 


Мындан сырткары ички чарбалык унаа жолдун 1000 метрин, Кызыл-Алма сел өтүүчү сайынын 200 метр аралыгын кум шагылга толтурган жана 1 электр мамычасын кулаткан. 


Жерине ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, ЖК комиссиясы, айыл аймактан 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. 


Тартылган күчтөрдүн аракетинде сел сууларынын нугун бурушкан жана 3 турак үйдүн короолору тазаланган. 6-август күнү селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн