Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Базар-Коргондо бет кабы жок жүрүүгө тыюу салынууда (фото)

23.04.2020 14:19
1171
Базар-Коргондо бет кабы жок жүрүүгө тыюу салынууда (фото)


Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери коронавирус илдетинин алдын алуу багытында бир топ жумуштарды алып барууда, деп билдирди Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы.


Аталган райондо санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, район аймагына жөнү жок кирип-чыгууларды болтурбоо үчүн кызматкерлер күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Ар бир унаа, ар бир атуул тыкыр көзөмөлгө алынып, себепсиз көчөгө чыккандар артка кайтарылып жатат. Маанилүү жумуштары менен бараткандардын унаалары дезинфекцияланып өткөрүлүүдө.


Ошондой эле алыскы тоолуу аймактарга чейин барышып, азыркы кырдаал тууралуу маалыматтар жеткирилүүдө. Беткабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилип, жеке гигиена эрежелерин сактоо менен жугуштуу илдеттин алдын алууга чакырышууда.


Жергиликтүү тургундарга жөнү жок көчөгө чыкпай, муктаждык жаралган учурларда ооруканага, дарыканага, азык-түлүк үчүн дүкөндөргө барууга боло тургандыгы айтылууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн