Тогуздун айы 03, 2025
Убакыт: 03:33
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.070
1.095

Базар-Коргондо жерлерди мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды

02.10.2025 17:12
28
Базар-Коргондо жерлерди мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды


Жалал-Абад облусунда жер тилкелерине байланыштуу алдамчылык фактысы боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жана айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Базар-Коргон бөлүмүнүн адиси А.А.Т. жана Сейдукум айыл өкмөтүнүн айыл башчысы М.У.У. жер тилкелерине байланышкан алдамчылык фактылары боюнча кармалышты.


Тактап айтканда, кармалгандар жер тилкелерин каттоо үчүн жарандардан алдамчылык жолу менен акча каражаттарын алып, ошол эле учурда документтерди жасалмалоо менен менчик ээлерин алардын макулдугусуз менчик укугунан ажыратып, андан ары жер тилкелерин үчүнчү жактарга өткөрүшкөн. Мындан улам жабырлануучуларга бир топ зыян келтирилген.


Аталган факты боюнча "Кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалган алдамчылык" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.


Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн