Базар-Коргондогу мыйзамсыз курулуштарга карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында Кеңеш айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылында мыйзамсыз негизде өз билемдик менен курулуш иштерин жүргүзгөн 8 жаран аныкталып, алар тарабынан куюлган пайдубалдар буздурулду.
Белгилей кетсек, аталган аймак боюнча башкармалыктар тарабынан буга чейин эскертүү берилип, жерди мурдагы абалына келтирүү талабы коюлган. Коюлган талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу мыйзам чегинде буздурулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн