Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Базар баасы 29 миң доллар. Ош облусундагы акимдерге кызматтык унаа тапшырылды

25.02.2023 15:47
790
Базар баасы 29 миң доллар. Ош облусундагы акимдерге кызматтык унаа тапшырылды

Бүгүн, 25- февралда Ош шаарынын борбордук аянтында Ош облусундагы 7 райондун акимдерине кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, унаалардын ачкычын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти- Болотбек Узакбаев жана президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Данияр Жаныкулов тапшырды.


Белгилей кетсек, райондун акимдерине берилген Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар 2023-жылы чыгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн