Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:11
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Базарда баа кандай? Карантин учурундагы борбор калаадагы базар, дүкөндөрдүн абалы (фото)

08.04.2020 13:12
1239
Базарда баа кандай? Карантин учурундагы борбор калаадагы базар, дүкөндөрдүн абалы (фото)


Бишкек шаарына коменданттык саат киргизилгенден кийин ишканалар мекемелер бүт жабылып, дарыканылар жана азык-түлүк саткан дүкөн базарлар гана иштөөдө. Мына ушундай шартта азык-түлүктүн көлөмү жетиштүүбү, аларга болгон баалар кандай деген суроо менен  борбор калаадагы дүкөн базарларга сапар алдык. 


Алгач ири соода түйүндөрүнүн бири болгон "Фрунзе" супер маркетине кирип көрдүк.   Ал жерде бизге азык-түлүктүн баасына коюлган чектөөлөр сакталып жатканын, тийиштүү органдар ар 2 күн сайын келип, текшерип жатышканын айтышты.  

"Бизде баалар көтөрүлгөн деле жок, болгону чет жерден келген товарлардыкы бир аз жогорулады. Ага эми дүйнөлүк экономика таасир берүүдө.   Мисалы бизде жогорку сорттогу ундун 50 килограммдык мүшөгү  1932 сом. 1-сорттогу ундун 50 килограммы 1525 сомдон, Бул эми базардын эле баасындай эле да кымбат эмес. Бааларга коюлган чектөөлөрдү сактап жатабыз, тийиштүү түзүмдүн кызматкерлери күндөбболбосо да эки күндө бир келип текшерип жатышат", - дейт болгон "Фрунзе" супер маркеттеринин биринин жетекчиси Эсбар Иманбеков  




 Андан кийин сапарыбызды Сары-Өзөн базарын көздөй уланттык. Ал жерде   бизге баалар карантин киргизилгенге чейин бир аз арзан болгонун, карантин менен кошо жаз маалы болгондуктан да баалар көтөрүлгөндүгүн айтышты. 

 

"Картошканын баасы 34-35 сом болуп жаткан, 2 күндөн бери 32 сомго түшүп калды. Сабиз, пияз сыяктуу товарлар мурдагыдай эле болор болбос көтөрүлдү.  Жаз маалында жылда эле негизи көрөлөт баалар", - деди соодагерлердин бири.  


Соодагерлер өзгөчө абал учурунда алар да үйлөрүндө жана соода орундарында карантин эрежелерин толук сактоого аракет кылып жатышкандыгын, аларга базардын жетекчилиги да толук шарт түзүп берүүгө аракет кылып жаткандыгын билдиришти.


"Жетекчилерибиз да жакшы иштешип жатат. Тынбай келип карап, кабар алып, дезинфекциялап жатат жалпы базарды", - деди дагы бир соодагер.  




Базардан чыгып, ири соода түйүндөрүнүн бири "Глобус" супер маркетине бардык. Ал жердин кызматкерлери менен сүйлөшкөнүбүздө азык-түлүктүн көлөмү жетиштүүлүгүн жана кыргыз бийлиги товарлардын  бааларына киргизген  чектөөлөрдү толук сактап жатышкандыгын айтышты. 


"Бизде товарлардын запасы жетиштүү, убакты керектүү көлөмдө алып келип жатышат.  Өкмөт киргизген баалардын чегин ошол бойдон сактап жатабыз", - деди "Глобус" супер маркетинин сатуучусу Сезим Исакова.  



Биз базарга соода түйүндөрүндө барганда ал жердин кызматкерлери менен сүйлөшкөнчө андагы азык-түлүктүн көлөмүнө да көз салып жаттык.  Бизге да ишенбесеңер көргүлө деп товарлар тизилген жайларды катарларды көргөзүштү жана азык-түлүк жетиштүү, аларды тийиштүү компаниялар өз убагында керектүү көлөмдө жеткирип жатышат деп ишендиришти.   


Материалдын видео вариантын бул жерден көрө аласыз.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн