Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев улуу муундагы адамдарга кайрылып, санитардык талаптарды сактоого жана мүмкүн болушунча өзүн-өзү изоляцияга алуусуна чакырды.
«Эгерде көчөгө чыксаңыздар, сөзсүз социалдык аралыкты сактоону, беткап тагынууну жана антисептик колдонууну унутпаңыздар. Базарлардан, соода борборлорунан, коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги абдан чоң. Урматтуу жарандар, эпидемиологиялык абал начар шарттарда талаптарга кайдыгер мамиле жасабаңыздар», - Н.Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн