Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Базарда сатылып жаткан уу коргошунга ким жооп берет? (Видео)


Президент жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун коронавируска дары дегенден кийин коомучулукта сенсация жаратты. Жада калса, министр азыркы учурда коронавирус менен ооруган жарандарды уу коргошун менен дарылап жатканын айтып, Кыргызстанды дүйнөгө дагы бир жолу белгилүү кылды.


Көрсө, уу коргошун (аконит) көп жылдан бери эле Бишкектеги Ош базарында сатылып келиптир. Сатуучу айымдын айтымында, ал көп жылдан бери бул чөптүн тамырын сатып, табыптар менен иштетишип келет.


"Биз негизи эле табыптар менен иштешип келебиз. Колдонуу жолун үйрөтүп, билген кишилерге гана сатабыз. Ата-бабаларыбыз деле ушул дары менен айыгып келген экен. Алар да дозасын билген",- деди дары чөп сатуучу айым.


Ал эми жакында тумоологон  Ош базарында соода кылган жаран да уу коргошунду үч күндөн бери ичип жатканын билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн