Кыргызстанда дүйнөлүк онлайн соода аянтчалары, же маркетплейстер аркылуу товар алып-сатуу соңку жылдары кескин жанданды. Өлкөдө чет элдик Amazon, Etsy, eBay, Alibaba, AliExpress, JD.com, Taobao, Pinduoduo, Trendyol, Wildberries, Ozon жана "Яндекс.Маркет" сыяктуу платформалар менен иштегендер бар.
Кыргыз ишкерлеринин арасында акыркы убакта өзгөчө орусиялык маркетплейстер популярдуу болууда. “Элдик экономика” түрмөгү ушул темага арналат.
Маркетплейстер таржымалы
Биздин темабыз жаңы тенденция болгондуктан алгач терминдин өзүн жана кеп кылчу предметти чечмелеп алалы. Демек, англис тилиндеги “market” – “базар”, “place” – “кайсы бир жер”, “кандайдыр бир жай” дегенди түшүндүрөт. Экөө биригип айтылганы деле жалпысынан “базар, соода жайы” деген эле мааниге ээ.
Интернеттеги кеңири соода аянтчасы англисчеде “online marketplace” деген аталыш алган. Башка тилдерде, анын ичинде орус жана кыргыз тилдеринде “маркетплейс” термининин өзү эле интернеттеги алып-сатуучу платформаны түшүндүрүп калган.
Айталы, кадимки интернет дүкөн бир эле сатуучуга таандык. Фирма, компания, дүкөн же жеке адам бир сайт аркылуу өзүнүн товарларын сатат же кандайдыр бир кызмат көрсөтөт. Ал эми маркетплейс – ар кайсы компаниялар, ар кайсы киши товар саткан же кызмат көрсөткөн онлайн соода платформасы.
Мында сайтка ээлик кылган компания сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда ортомчу катары милдет аткарат. Кампаларды уюштуруп, товарларды сактайт, логистикасын түзүп, сатып алынган нерсени кардарга жеткирет. Сатуучулар маркетплейс менен келишим түзүп, каттоого туруп, же ушул сыяктуу нерсе менен иш жүргүзөт. Маркетплейс алып-сатуудан комиссияга акы алып, же товарды жарнамалоодон пайда табат.
Маркетплейстер боюнча адис Нурлан Сатиев муну кыскача минтип түшүндүрдү:
“Кадимки базарлар, айталы “Дордой”, “Ош”, “Кара-Суу” же башка базарларда өзүбүз барып товар сатып алабыз. Сатуучу ошол жерде отуруп, ижарага контейнер алып, анан сатат. Ал толтура товарларды тизип, ассортиментин коюп, отурушу керек. Мындайча айтканда, алып-сатуу ошол жерде физикалык түрдө, офлайн түрдө жүрөт. Маркетплейс деген бул ошонун эле шериги. Болгону анда соода интернет аркылуу онлайн форматта жүрөт”.
“Мен ишкерлердин өкүлү катары айтсам, бизге азыр сатуу жагы көбүрөөк кызыктырып турат. Ошол жагынан карасак, азыр бизде Wildberries, Ozon маркетплейстеринде катталып, товарларды сатуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Amazon, Etsy аянтчаларында мурда катталып, товар сата алчубуз, жыл башынан бери убактылуу токтотулуп турат. Ал эми eBay сайтында болсо азыр катталып, бар нерсебизди сатууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мындан сырткары, Alibaba, AliExpress, JD.com маркетплейстеринде да товарларды сата алабыз. Мунун ичинен Alibaba сайты аркылуу сатыкка чыга алабыз. Бирок ал жакта аккаунт кошумча төлөмдөрдү талап кылгандыктан иш жүзүндө азыраак болушу мүмкүн. Анткени, бул аянтчада соода компаниялар аркылуу жүрөт”.
Бир товар принциби жана жеткирүү
Маркетплейстердин тарыхы 90-жылдарга барып такалат. 1995-жылы АКШда бизнесмен Жефф Безос Amazon сайтын китеп сатуучу сайт катары ачса, ушул эле жылы Америкага Франциядан барган программист Пьер Омидьяр eBay сайтын товарларды аукцион жолу менен саткан аянтча катары негиздеген.
1996-жылы Жапонияда Хироси Микитани атуу ишкер Rakuten сайтын электрондук коммерциялык дүкөн катары уюштурса, 1999-жылы кытайлык ишкер Жек Ма Alibaba платформасын жараткан.
Бул аянтчалар кийин товарлардын түрүн жана категориясын кеңейтип, миңдеген дүкөндөрдүн жана миллиондогон адамдардын башын бириктирген маркетплейстерге айланды.
Ортодо катардагы интернет дүкөндөр менен чогуу жүздөгөн маркетплейстер да уюшулуп турду. Учурда алардын саны миңдеп саналат. Бирок бүтүндөй дүйнөдө популярдуулары азыраак. Азыркы убакта Amazon, eBay, Etsy, Novica, Walmart, Alibaba, AliExpress, Taobao, Rakuten, Tmall, Target, Mercado Libre, Pinduoduo, Allegro, Trendyol, Shopee, Flipkart, JD.com жана башкалар көбүрөөк белгилүү.
Мүмкүнчүлүктөрүнө жана тематикаларына жараша ар кайсы өлкөдө ар кайсынысы популярдуу. АКШда негизинен жергиликтүүлөр, тизмедегилердин алдыңкы катарында тургандар белгилүү болсо, Кытайда жана Жапонияда да өздөрүнүн маркетплейстери таанымал.
Орусияда жогорудагы тизмедегилерден сырткары Wildberries, Ozon, “Яндекс.Маркет” сыяктуу жергиликтүү маркетплейстердин дүбүртү катуу чыкты. Иш жүзүндө орусиялыктар америкалык, кытайлык соода аянтчаларынан да соода кылат, бирок көбүнчө орус ишкерлери ачкан жайлардан алып-сатууну арбын жүргүзөт.
Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинен Кыргызстанда америкалык Amazon, Etsy, eBay, кытайлык Alibaba, AliExpress, JD.com, Taobao, Pinduoduo, түркиялык Trendyol жана орусиялык Wildberries, Ozon, “Яндекс.Маркет” маркетплейстери колдонулуп келет.
Иш жүзүндө кыргызстандыктар мунун көпчүлүгүнөн негизинен сатып алуу гана жүргүзөт. Саналуу бөлүгүнө гана өз товарын киргизип, сата алат.
Кыргызстандагы Электрондук коммерция ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Куренкеев буларга токтолду:
Куренкеевдин айтымында, алар Электрондук коммерция ассоциациясынын атынан дүйнөлүк маркетплейстер менен түз иштешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.
Мунун ичинде кыргызстандыктардын товар сатып алуусуна да, сатуусуна да байланыштуу. Биринчисинде белгилүү маркетплейстерде кыргыз ишкерлеринин павильондорун ачуу каралып жатса, экинчисинде Бишкекте Электрондук коммерциялар паркын түзүү планы бар. Ал өзүнчө узун сөз.
Кыргызстандагы жагдай: кампа жана товар
Орусиялык Wildberries электрондук базары Бишкек шаарында биринчи жолу 2022-жылдын апрелинде 1 миң чарчы метрлик аянтта товарларды бөлүштүрүүчү борбор ачкан. Кийин Ошто да ушундай жай уюштурду.
Компания эми Кыргызстанда 100 миң чарчы метрлик логистикалык борбор куруу маселесин караштырууда. Wildberries Орусияда маркетплейстердин катарында биринчи орунда турат.
Ал эми аталган өлкөдө экинчи орунда турган Ozon компаниясы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы менен 2023-жылдын январында Кыргызстанда товарларды бөлүштүрүү милдетин аткарган почта-логистикалык комплексин ачты.
“Кыргыз почтасы” Ozon менен мурдатан эле бирге иштеп, маркетплейстин товарларын Бишкектеги кеңселеринен берүүнү жолго койгон болчу. Жаңы соода-логистикалык борбор аталган маркетплейстен Кыргызстанга келген товарларды иргөөгө (сорттоого) жана ыкчам жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Иш жүзүндө так ушул товарларды бөлүштүрүүчү жайлардын жана логистикалык борборлордун ачылышы Wildberries менен Ozon маркетплейстеринин Кыргызстанда кулач жайышына алып келди. Орусиялык аталган эки сайт аркылуу кыргыз ишкерлери чоң сатык жүргүзө баштады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “E-COM KG 2023” деп аталган форумда маркетплейстер Кыргызстандын соодасына чоң салым кошконун айткан:
“2023-жылдын төрт айында эле Wildberries платформасы аркылуу биздин экспорт 1,2 млрд рублду түздү, ал эми 2022-жылы жалпы 509 млн рублду түзгөн болчу. Демек, 4 айдын ичинде кеминде 4 эсеге өстү. Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылы электрондук коммерция рыногунун кирешеси 490 млн АКШ долларын түзгөн”, – деген Жапаров 23-июнда Бишкектеги жыйында.
Быйыл январь-апрелде Кыргызстандын жалпы экспорту 528,5 млн долларды, же сомго чакканда 46,6 млрд сомду түзгөн. Ошол маалда рубль менен сом дээрлик бирдей болгонун эске алганда, бул сумманын 1 млрд сомдон ашыгы Wildberries аркылуу экспортко чыгып кеткен товарлар.
Эгерде алты айдын эсебин алсак, сумма андан да өскөнүн көрүүгө болот. Тагыраагы, Wildberries платформасынын басма сөз кызматы августта тараткан маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-июнунда Кыргызстандан аталган соода аянтчасы аркылуу 10,4 млрд сомдук товар сатылган. Бул сандар былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көптүк кылат.
Кыргызстандыктар маркетплейстер аркылуу негизинен кийим-кечектерди, бут кийимдерди, электроника, үй-тиричилик товарларын, автотоварларды жана башка нерселерди сатыкка чыгарууда. Бирок текстиль буюмдары кыргыз ишкерлеринин башкы товары.
Айталы, ошол эле Wildberries аркылуу алты айда кеткен 10,4 млрд сомдук товардын 9,5 млрд сомдук товары кийим-кечек экен. Бул деген көйнөк, футболка сыяктуу нерселер. Андан кийинки тизмеге спорттук кийимдер, ич кийимдер, ымыркайлар үчүн кийимдер жана баш кийимдер кирген. Мындан сырткары үй-тиричилик буюмдары жана эмеректер жакшы сатылган.
Wildberries маркетплейсинин ээси, орусиялык ишкер Татьяна Бакальчук июнь айында Бишкекке келип, Кыргызстандын электрондук коммерциядагы потенциалы жөнүндө буларга токтолгон эле:
“Мен силердин мындай экениңерди билбептирмин: ак көңүл, боорукер экенсиңер, силерде өлкөнү өнүктүрүүгө активдүү катышкан жаштар көп экен. Менин оюмча, ишкердик дух каныңарда бардай сезилет, союз тарагандан кийин КМШдагы эң чоң базарды уюштуруп, 30 жыл бою биздин өлкөбүздү кийинтип турдуңар. Эми өлкө жана бүткүл дүйнө санариптик экономикага өтүп жатканын түшүнүп, мында да кандайдыр бир жол менен биздин соода аянттарыбызга кирүүнүн жолун таптыңар. Бул менин түшүнүгүмдө уникалдуу мисал. Америка кыялы менен Кытайдын экономикалык керемети бар. Силер да экономикалык кереметиңизге ат табышыңар керек деп эсептейм”.
Орусиялык “Яндекс.Маркет” аркылуу товар саткан кыргызстандыктар да бар. Бирок бул платформанын кампасы Кыргызстанда ачылбагандыктан анда иштегендер анча масштаб ала элек.
Албетте, Wildberries жана Ozon маркетплейстеринин кампалары
Кыргызстанда ачылышы эле ийгиликти жарата койбойт экен. Анткени, ал аянтчаларда сатуучулар жүз миңдеп саналат жана товарлардын аталышы менен түрү да өтө көп. Ошол себептүү атаандаштык өтө чоң жана анда өз ордуңду таап, иштеп кетүү шыкты жана мээнетти талап кылат.
Wildberries платформасында товар сатуу менен алектенген Нурлан Сатиев айрым сырлары менен бөлүштү:
“Эки жыл мурда баштаган маалда биз "Вайлдберризде" жок товарларды сатыкка чыгарчубуз. Азыр принциптери кыйла башкача болуп калды. Мында киреше табуу үчүн товарды арзан алып, кымбат сатканда чыгат. А базардан биз арзан ала албайбыз, ошол себептүү же фабрикалардан түз алышың керек, же өзүңдүн цехиңде тигишиң керек. Ошондо жакшы маржа калат. Анткени атаандаштык өтө чоң. Мен алгач башка цехтер менен иштешип жүрүп, көбү жоопкерчиликтүү эмес экенин, сапатсыз кылышарын көрдүм. Ошондон соң өзүм цех ачкам. Азыр өзүмдүн товарымды өзүм тигип сатам. Мен он чакты гана кызматкер иштетем, товарды да өтө көп чыгарбайм. Бирок менин маржам дээрлик 100% койгондуктан, мен жакшы эле пайда менен чыгам. Цехте башкаларга да тигип бербейм, өзүмө гана даярдайм. Кызматкерлерге да башкаларга салыштырмалуу чоң сумма төлөп берем. Мында да мен бир гана товарды – аялдардын көйнөгүнүн бир эле түрүн тигип сатам. "Вайлдберризде" ошол гана товарды киргизем, ошону гана сатам. Бир товар принциби бул маркетплейсте өзүн актаган ыкма”.
Маркетплейстерде товар саткан кыргызстандыктардын жалпы саны так эмес. Бир эле Wildberries платформасын алсак, соңку эсепте ага катталган кыргыз ишкерлеринин саны 8 миңге чукулдаган.
Бир жыл алдын бул сан 2 миңдей болчу. Айтор, Wildberries жана башка маркетплейстерге кирип, бизнес кылган кыргызстандыктар жылдан-жылга арбып баратат.
“Биздин ишкерлер мурда көп киришчү эмес, азыр чекеден кирип көрүп жатышат. Бирок көпчүлүгү бул бизнестин табиятын жакшы түшүнбөй кирип алышып, банкрот болуп жатышат. Себеби алар муну базар менен окшоштуруп алып жатышат. Офлайн рынок менен онлайн рыноктун шарттары такыр башкача. Мен билгенден эле “Дордойдо” иштеген чоң ишкерлер кирип, чоң суммаларды салып, бирок соңунда иши кетпей койду. Окуп, үйрөнгөндөрдүн 20% гана иштеп кетип жатат. Калган 80% иши жүрүшпөй эле турат. Вайлдберризде мындай да, сиздин товарыңыз жакшы сатылса, аны топко чыгара берет. Демек, аныңыз дагы да башкаларга көбүрөөк көрүнө баштайт. А биздикилер көбүнчө анализдегенди билбей, отуз товарды киргизип алышат, анын бири да жакшы кетпей, акчасына күйүп кетишүүдө”, – деди ишкер Нурлан Сатиев.
Марткетплейстер аркылуу иштөөдө эки негизги ыкма бар. Алар: FBS (Fulfillment by Seller) жана FBO (Fulfillment by Operator) деп аталат. Башка ыкмалар анча-мынча айырмаланышы мүмкүн, бирок жалпы жонунан ушуга окшош эле.
Мунун биринчисинде соодагер товарды өзүнүн үйүндө, же өнөктөштөрүнүн кампасында сактап, сатылган соң аны таңгактап, бир-бирден маркетплейске жөнөтүп турат. Кардардын үйүнө маркетплейстин курьерлери жеткирип берет.
Экинчи ыкмада болсо, соодагер товарларынын баарын маркетплейстин кампасына киргизип, ошо жерде сактайт. Сатуучу буюмдарды өзү сатат, соода аянтчасынын талаптарына ылайык марка, штрихкод сыяктуу нерселерин чаптап, таңгактап коёт. Товар сатылса маркетплейстин адистери ошол жерден ары жүктөп кете беришет.
Бул сатуучуга чоң жеңилдик жаратат жана убарагерчиликтен куткарат. Мына ушул жагдайдан улам Ozon жана Wildberries маркетплейстеринин кампалары Бишкекте жана Ошто жайгашканы кыргыз ишкерлерине чоң импульс берди.
Ош шаарындагы жаш ишкер Канайым Эрматова “Азаттыкка” мындайча кеп курду:
“Мен өзүм Кытайдын маркетплейстери аркылуу ошол жактан товарларга буйрутма берип, Кыргызстанда дүкөн ачкам. Ошонун артынан кызыгып, өзүм да сатыкка чыгууга келип калдым. Азыркы учурда мен Wildberries маркетплейсинде кийим сатам. Ошонун аркасы менен чакан цех ачып, товарларды өзүм даярдайм. Кошумча Wildberries аянтчасы менен иштөөнү каалагандарды окутуу менен алектенем. Кадимки базарга, же башка маркетплейстерге чыкканда адатта товардын көп түрүн, кеңири ассортименти менен киришиң керек. Бул маркетплейстин эмнеси жакшы, бир эле фасондогу көйнөк менен да кирип, соода кылсаң боло берет. Кааласаң ошол эле көйнөктүн эки-үч түсүн сат, болбосо керек болсо бир эле түсүн да сатсаң болот. Анткени Wildberries колдонуучулары көп. 2022-жылдын анализи боюнча бул аянтчада 140 миллион адам катталган, бир күндө 14 миллион адам соода кылат. Ошонун ичинен сенин бир эле товарыңды жактырып, сатып алып тургандар тобу жетиштүү чыгат”.
Албетте, кыргыз ишкерлери Кыргызстанда кампасы жок башка дүйнөлүк маркетплейстерде деле сатуу жүргүзө алат. Айталы, ошол эле америкалык Amazon, Etsy, eBay маркетплейстеринде мурдараак Кыргызстанда туруп эле катталып, товарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Жогоруда айтылгандай, жакын арадан бери бул нерсе убактылуу чектелип турат. Балким, ал Украинадагы согушка жана андан кийинки санкциялык чараларга байланыштуу болушу ыктымал.
Кыргызстандыктар кытайлык Alibaba, AliExpress, JD.com, Taobao, Pinduoduo, маркетплейстерине де-юре катталып, өз буюмун сатыкка чыгара алышат. Де-факто муну ишке ашыргандар азыраак. Анткени, аларда атаандаштык чоң жана кытайлык ишкерлер товардын дээрлик бардык түрлөрүн өздөрү камсыздай алышат.
Кыргызстандын дагы бир соода өнөктөшү болгон Түркиядагы Trendyol маркетплейси аркылуу кыргыздар адатта товар сатып алышары белгилүү. Бул аянтчада товарын сатыкка чыгарган кыргыз ишкерлери тууралуу маалымат аз.
Ал эми сатып алууга келгенде кыргызстандыктар дүйнөлүк маркетплейстердин дээрлик бардыгынан сатып алуу жүргүзө алат. Товарды тандап, буйрутма берсе, кайсы жерден болбосун буюмду бир канча убакытта Кыргызстанга алып келип берет. Сатып алган киши аны же почтадан, же атайын түйүндөн алып алат. Болбосо курьерлер товарды кардардын босогосуна чейин жеткирип берет.
Автор: Эрнист Нурматов
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн