Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:37
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Базарга сапар: Ачууланган мэр, жашынган соодагер, Суракматовдун рейди кандай өттү? (видео)

17.03.2020 16:47
2831
Базарга сапар: Ачууланган мэр, жашынган соодагер, Суракматовдун рейди кандай өттү? (видео)


Бүгүн, 17-мартта борбор калаада коронавирус илдетине байланыштуу бааларга киргизилген чектөө жана карантинге байланыштуу бийлик өкүлдөрү рейдге чыкты.


Ага Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Нурлан Казабеков жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышты.


Рейдде алгач “Дордой-Дыйкан” базары текшерилди. Бааларга көз салуу мөмө жемиштерди саткан катардан башталып, ал жакта өкмөт киргизген чектөөнү бузган окуя катталган жок. 




Андан кийин көзөмөлдөө дүң баада ун саткан соода орундарына уланды. Шаар мэри Азиз Суракматов контейнерлердин бирине кирип ундун баасын сураганда, ага  “сатуучу жок, азыр келет” деген жооп айтылды.


Көпкө күтпөй андан кийинки орунга барган мэр, ал жактан да сатуучуну тапкан жок. Азиз Суракматов соодагерлер бааларды көтөрүп алып, атайын рейдди угуп жашынып жатышат деп агынан жарылды.


“Сатуучулардын сүйлөшкүлөрү келбейт, кампалар жабык экен. Бизде бүгүн тийиштүү баалар коюлду, ошол көрсөткүчтөн көтөрбөө керек”, - деди шаар мэри.



Текшерүү уланып, кийинки орунда сатуучу ундун баасы 1550 сом экенине айтып, өзү 1500 сомдан алып жатканын билдирди.




Ал эми базарга азык-түлүк алганы келген айым ун таппай жүргөнүн, дагы да болсо кымбат экенин билдирди. 


Ал ортодо “Дордой Дыйкан” базарынын жетекчиси келип, ага ар бир товардын баасы илинип турушу керек экендиги жана азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөп туруу тапшырылды.


Рейддин катышуучулары кийин Гоголь көчөсүндө жайгашкан компьютердик клубга барды. Анда окуучуларды жана студенттерди карантинге таратылып үйүндө отурсун талаптын негизинде текшерүү жүрдү. Жыйынтыгында компьютердик клубда бир эмес, бир нече окуучулардын бар экени аныкталды. 



Текшерүүнүн натыйжасында  компьютердик клуб окуучуларды киргизгени үчүн тийиштүү документтер толтурулуп, жабылсын деген тапшырма берилди.


Кийин Кулатов көчөсүндө жайгашкан дүң соода орундары текшерилди. Ал жерде унду өз баасынан кымбат саткан айым Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалып, тийиштүү документтер толтурулду.




Рейддин жүрүшүндө дарыканалар анда сатылып жаткан дары-дармектердин жана бет каптардын баалары текшерүүгө алынды. Ошондой текшерүүлөрдүн биринде Гагарин көчөсүндө жайгашкан “Фармстор” дарыканасында бет каптар 15 сомдон сатылып,  дарылар кымбат экени аныкталды. Буга байланыштуу укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады.  



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айка
Мэр ун сатуучусуна окшоп эле турат го жардамчылар так суйлоп жатышат.