Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:43
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бажы кызматы: 1000ден ашык унааны мыйзамсыз легалдаштыруу фактысы аныкталды

01.02.2024 17:35
149
Бажы кызматы: 1000ден ашык унааны мыйзамсыз легалдаштыруу фактысы аныкталды


Мамлекеттик бажы кызматы 1000ден ашык унааны мыйзамсыз легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы УКМКнын 6-башкы башкармалыгы менен бирге импорттолгон 15 448 автомашинаны "Унаа" мамлекеттик мекемесинде мыйзамсыз легалдаштыруу боюнча болжолдуу фактыларды аныкташкан. Бул автоунаалар өлкөгө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жасалма номерлери жана каттоо күбөлүктөрү менен киргизилген.


"Текшерүүнүн жүрүшүндө 15 448дин ичинен 1 000ден ашык автоунаага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каттоо органдарынан бажы операциялары жана аларды алгачкы каттоо боюнча документ алынбаганы тастыкталган. Калган унаалар боюнча текшерүү иштери уланууда", — деп жазылат маалыматта.


Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды. Бул фактынын негизинде Мамлекеттик тергөө комитети тарабынан кылмыш иши козголду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн