Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:09
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бажы кызматы 2023-жылдын биринчи кварталында планды 107%га аткарды

04.04.2023 10:42
852
Бажы кызматы 2023-жылдын биринчи кварталында планды 107%га аткарды



Мамлекеттик Бажы кызматы 2023-жылдын 1-кварталында бажы төлөмдөрүн чогултуу планын дээрлик 1 млрд сомго ашык аткарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын март айында, 2023-жылдын 3-апрелине карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндөгү түшүүсү 8,1 млрд сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,5%га аткарылды же 568,9 млн сомго көп чогултулду.


2022-жылдын март айына салыштырмалуу түшүү 3,6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 180,4%ды түздү.


Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 3-апрелине карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 20,7 млрд сомду түздү. План 105,0%га аткарылды же 994,1 млн сомго ашыкча чогултулду. 2022-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу түшүү 6,5 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 145,9%ды түздү. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн