Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Бажы кызматы: Кытайга ташылып кеткен 17 унаа алтын концентраты мыйзамдуу өткөн

23.09.2021 11:31
878
Бажы кызматы: Кытайга ташылып кеткен 17 унаа алтын концентраты мыйзамдуу өткөн

Мамлекеттик бажы кызматы “аткезчилик жолу менен Кытайга ташылып кетти” делген алтын концентраты боюнча комментарий берди.


Мекеменин маалыматына караганда, импорт жана экспорт Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органы тарабынан ишканаларга берилген документтин (лицензиянын) негизинде гана ишке ашырылат.


Ал эми алтын концентратын сыртка ташып кеткен “ГИК КАЙДИ” компаниясына ыйгарым укуктуу орган быйыл 26-августта флотациялык концентратты экспорттоого лицензия берген.


“Жогорудагы чечимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бажы кызматынын кызматкерлери флотациялык концентратты чыгаруу боюнча бажы операциясын жүргүзүшкөн”, - деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.


Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев парламенттин 22-сентябрдагы жыйынында аткезчилик жолу менен ташылып баратканда кылмыш иши козголгон алтын концентратын Кыргызстандан Кытайга чыгарып кетишкенин маалымдаган.


Бердиевдин айтымында, "Эркечтамда" кармалып турган 17 фурага жүктөлгөн контрабандалык алтын концентратын “Достук” өткөрмө бекети аркылуу ташып кетишкен.


“Эркечтам” аркылуу аткезчилик жолу менен чыгарып кетүүгө аракет кылынган 17 фура алтын концентраты тууралуу депутат быйыл январь айында айтып чыккан жана Чоң-Алайдагы алтын кенинен казылып алынган чийки зат ар бир фурага төрт тоннадан жүктөлгөнүн жарыялаган.


Бажы кызматы жүк унаага жүктөлбөгөнүн, контейнерлер бажы көзөмөлүндө турганын, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын кабарлаган эле.


Булак: "ПолитКлиника"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн