Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бажы кызматы Түркиядан мыйзамсыз алып келинген зер буюмдарды аныктады

09.04.2024 09:51
171
Бажы кызматы Түркиядан мыйзамсыз алып келинген зер буюмдарды аныктады


"Манас" аэропортунда Түркиядан мыйзамсыз алып келинген зер буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Манас" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган. Кызматкерлер "Стамбул-Бишкек" каттамы менен келген жүргүнчүлөрдү бажы көзөмөлүнөн өткөрүүнүн алкагында мыйзамсыз зер буюмдарын алып келүү аракетине бөгөт коюшкан.

Текшерүүдө Кыргызстандын А.К. аттуу жараны жалпы салмагы 373,10 граммды түзгөн 24 даана алтындан жасалган зер буюмдарды (чынжыр, билерик) - товарларды кийимдердин астына бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган.

Кармалган зер буюмдардын орточо базар баасы 1 млн 905 миң 19 сомду түзгөн.

Факты тиешелүү органда каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн