Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бажы кызматы апрель айында планды ашыгы менен аткарды

10.05.2023 17:23
1104
Бажы кызматы апрель айында планды ашыгы менен аткарды

2023-жылдын апрель айында Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча планды ашыра аткарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, апрель айында иш жүзүндө республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнөн 8,8 млрд сом түшкөн.


Ошентип, Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүч 100,5% аткарылды, же 46,8 млн сомго көп чогултулду.


2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда түшүүлөр 3,5 млрд сомго жогорулады, же өсүү темпи 165,4%ды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн