Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:23
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Бажы кызматы баасы бир миллион сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келинген товарды кармады

Бажы кызматы баасы бир миллион сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келинген товарды кармады

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош шаарында “DAF” үлгүсүндөгү автоунааны чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.


Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын жүк болүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 12975 кг., болгон кургатылган жемиштер табылган. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Мааылматка ылайык, кармалган товардын жалпы суммасы 1 024 825 сомду түзөт.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн