Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бажы кызматы бир айда планды ашыкча аткарып, 1,8 млрд сом ашыкча пайда алып келди

31.01.2022 08:39
1874
Бажы кызматы бир айда планды ашыкча аткарып, 1,8 млрд сом ашыкча пайда алып келди

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтары 2022-жылдын январь айы үчүн салыктарды, бажы жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча белгиленген планды ашыгы менен аткарышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Тактап айтканда, 30-январга карата Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 8 млрд 574 млн сом салык жыйнаган. Белгиленген план 106,4 %га, же 514,6 млн сомго жогору аткарылган.


2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 3 млрд 436,1 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 166,9%).


Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан белгиленген пландын көлөмү 3 млрд 359,8 млн сом болсо, 2022-жылдын январь айында (бир күндү эсепке албаганда) 4 млрд 368,3 млн сом жыйналган.


Белгиленген план 130%ке, же 1 млрд 8,5 млн сомго ашык аткарылды.


Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 2 млрд 388,4 млн сомду түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн