Бугу 11, 2024
Убакыт: 02:45
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бажы кызматы быйыл 95 млрд сом чогултууну пландоодо

13.01.2023 09:10
544
Бажы кызматы быйыл 95 млрд сом  чогултууну пландоодо

Бажы кызматынын быйылкы жылдык планы 94,6 млрд сом өлчөмүндө бекиди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, бул сумманын ичинен 73 млрд сому кошумча нарк салыгынан түшөт.


«Пландык көрсөткүч Каржы министрлиги тарабынан коюлду. Тиешелүү анализдер жүргүзүлүп, бажы кызматы дагы өз оюн айтты. Кытайдан товарлардын келүү көлөмү бүгүнкү күндөй болсо, алсак, «Торугарт» бекетинен тарыхта болбогондой 202 унаа жүгү менен өттү. Ушундай темп менен кетсек, анда планды ашыгы менен аткарабыз», — дейт ал.


Мындан сырткары Исабеков өткөн жылдын январь-декабрь айларында Бажы кызматы тарабынан 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыз болуп, план 100,8 пайызга аткарылган же 604,8 млн сомго көп чогултулганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн