Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келген унааларды аныктады

11.03.2021 14:38
1013
Бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келген унааларды аныктады

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген унаалар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келген 2002-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Toyota RAV 4”, 2012-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Hyundai Sonata ” жана 2007-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Volvo-FH440” үлгүсүндөгү унааларды кармашты.

Бул фактылар боюнча төлөөгө тийиш болгон бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 4 млн 895 миң 915 сомду түзөт.

Мындан тышкары, “Volvo-FH12” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын чыгарылган жылын өзгөртүү менен так эмес декларациялоо фактысы “Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан аныкталды.

Бул факт боюнча төлөөгө тийиш болгон бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 1 млн 361 миң 24 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн