Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бажы кызматы мыйзамсыз унаа ташуу фактысына бөгөт койду

15.08.2023 10:16
172
Бажы кызматы мыйзамсыз унаа ташуу фактысына бөгөт койду


Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан автоунааларды унаа тетиктери деген шылтоо менен алып кирүүгө аракет жасалган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан келтирилген зыяндын суммасы 5 млн сомдон ашкан.

Түштүк-Батыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле "Мега Логистик" БТЖнын кызматкерлери КР Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын 6-бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге бажы мыйзам бузууларды аныкташты.

БАЭден Е.А.М. аттуу алуучунун дарегине инвойско ылайык автомобилдердин запастык бөлүктөрү товары келген. Бирок, бажылык тыкыр кароонун учурунда асты жагынан жарым-жартылай кесилген 10 даана көлөмүндө автоунаа табылган.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө унааларды өз багыты менен иштетүүгө жарактуулугу аныкталган.

"Эксперт Оценка" ЖЧК көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган автоунаалардын жалпы орточо базар баасы 15 млн 691 миң сомду түздү. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 5 млн 345 миң 645 сомду түзгөн.

Фактты каттоого алынып, мтериалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн