Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бажы кызматы октябрда 10,2 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн чогултту

11.11.2023 13:35
763
Бажы кызматы октябрда 10,2 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн чогултту


Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) үстүбүздөгү жылдын октябрында 10,2 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Белгиленген план 104,4%га аткарылды, же 429,9 млн сомго көп чогултулду.

МБКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу түшүүлөр 4,1 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 166,2%ды түздү.

2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу 83,2 млрд сом өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылдын 10 айында бажы кызматы 89,7 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 107,7%га аткарылды, же 6,4 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 10 айына салыштырмалуу түшүүлөр 30,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 151,9%ды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн