Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:18
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бажы кызматында Матраимов жана УКТ менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынган

06.12.2023 13:57
200
Бажы кызматында Матраимов жана УКТ менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынган


Мамлекеттик бажы кызматында Матраимов жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлдү.

Исаков азыркы учурда кошумча иликтөө иштери жүргузулүп жатканын, ал боюнча дагы маалымат берилерин кошумчалады.

"Иштен алынган кызматкерлердин арасында төраганын орун басарынан тартып башкы тескөөчү, бөлүм башкы жана башка негизги кызматтарды ээлеген кызматкерлер бар", - деди ал.

Ошондой эле ИсабековМатраимов менен кыйыр байланышы бар айрым кызматкерлери ээлеген кызмат ордуларынан төмөндөтүлгөнүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн