Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бажы кызматында кыргыз-кытай өткөрүү бекетиндеги унаалардын тыгыны талкууланды

26.04.2023 11:52
244
Бажы кызматында кыргыз-кытай өткөрүү бекетиндеги унаалардын тыгыны талкууланды



2023-жылдын 24-апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын имаратында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кимсановдун төрагалыгы алдында тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары менен (КЭР багыты боюнча) актуалдуу маселелерди, анын ичинде «Иркештам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрмө пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселесин талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү. 


Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ бажы аймагына ташып келүүгө болжолдонгон товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалыматты өз убагында берилбегендигине байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде тыгындар пайда болууда.


Алдын ала маалыматты берүү бажы тобокелдиктерин өз убагында баалоого жана бажы операцияларын тездетүүгө багытталгандыгын белгилей кетүү маанилүү.


Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына ЕАЭБ нормаларына жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык алдын ала маалыматты туура берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Алдын ала маалымат өз убагында берилбеген учурда тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары административдик жоопкерчиликке тартылат.


Жолугушуунун жыйынтыгында курч маселелерди ыкчам чечүү үчүн мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн