Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бажы кызматынын кызматкери пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогун жеңип алды

16.11.2021 13:53
1014
Бажы кызматынын кызматкери пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогун жеңип алды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Иван Коробко пауэрлифтинг боюнча эки дисциплинада дүйнө кубогун жеңип алды. Бул тууралуу "Биринчи радио," кабарлады.


Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Иван Коробко пауэрлифтинг боюнча эки дисциплинада дүйнө кубогун жеңип алды. Мелдештерде Иван Коробко экипировкасыз кош таймаш жана оордукту туруп көтөрүү дисциплиналары боюнча өзүнүн күчүн сынады. Бажы кызматынын кызматкери 90 килограмм салмак категориясында мелдешкен.


Дүйнө Кубогу 2021-жылдын 12-ноябрынан тартып 14-ноябрында Бишкек шаарында өткөн. Мелдешке Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусия, Азербайжан, Индия, Ирак, Алжир, АКШ, Монголия, Грузия жана башка мамлекеттердин спортчулары катышты.


Белгилей кетсек, Иван Коробко экипировкасыз кош таймаш дисциплинасындагы пауэрлифтинг боюнча Орто Азиянын чемпиону жана үч дисциплина боюнча “Алтын Барс” турнириндеги Борбор Азиянын чемпиону болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн