27-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кытай менен ведомстволор аралык өз ара кызматташуунун актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерин, анын ичинде кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин, ошондой эле бажы тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү талкуулашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн