Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:56
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бажы кызматкерлери 32 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

27.10.2023 16:55
295
Бажы кызматкерлери 32 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады


Мамлекеттик бажы кызматы бажы эрежесин бузуу фактысын аныктады, келтирилген зыяндын суммасы 32 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бажы контролун жүргүзүүдө тышкы экономикалык иштин субъекттеринин ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын сактоосуна бажы контролун жүргүзүүдө "А.К.К" ЖЧКсы тарабынан бажылык укук бузуу фактысы аныкталган.

2021-жылдын 25-августунда КРдагы ЕАЭБдин бажы аймагына Италиядан "А.К.К" ЖЧКсынын дарегине 1 млн 450 миң долларлык авиациялык кыймылдаткычы келген.

Кыймылдаткыч учак үчүн арналган жана 31.08.2023-жылга чейин "Убактылуу ташып келүү" бажы жол-жобосуна коюлган.

Бирок, убактылуу ташып келүү мөөнөтү бүтө электе "А.К.К." ЖЧКсы товарларды башка бажы жол-жобосуна жайгаштыруу максатында бажы органына кайрылган эмес, муну менен бажы мыйзамдарын бузган.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 32 778 420 сомду түздү.

Аталган факты каттоого алынып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн