Бугу 11, 2024
Убакыт: 18:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бажы союзунда турган өлкөдөн келген азык эмнеге бизде 2 эсе кымбат?

11.03.2021 12:40
1100
Бажы союзунда турган өлкөдөн келген азык эмнеге бизде 2 эсе кымбат?


Аведовь өсүмдүк майынын 1 литри Россияда 90 рубль экен. Бизде 160 сомдон сатылууда. Бажы союзунда турган өлкөдөн келген азык эмнеге 2 эсе кымбат?


Антимонополия кызматы эмне себептен мындай болуп жатат? Акжолтой Тукунов  сиз Антимонополияга орун басар болуп бара жатканда бензинди 28 сом кылам деп мени кубанттыңыз эле, азыр бензин 44 сомго жетти. Азык-түлүк ж.б. баалар өсүп эле кетип жатат. Этти карышкыр менен жарышып жеген кыргызга кыйын эле болду, айрымдар акыркы 2-3 айда эт жебей, сөөк чогултуп балдарына кайнатып, шорпосун ичирип жатышканын угуп,  көрүп жатам. 


Мындай темп токтобосо - анда жакынкы күндөрдө кылмыштуулук дагы чогуу өсөт. Ач калгандар көбөйөт,  алар аргасыз үйлөргө уурулукка,  талап-тономойго өтөт. Ушундай оор кырдаалдан кантип чыгабыз, айдап себүү иштери башталып жатат, солярка кымбаттап жатат.


Экономика министрлиги жакында кандай кыйынчылыктар жана кымбаттоолор күтүлүп жатат, анализ чыгарып койбойсуздарбы, камынып, камданып алалы. Же арзандоолор болсо,  аны дагы билели. Жок дегенде бааларды көзөмөлдөй албасаңыздар дагы, анализ берип турунуздар. Кыйынчылык,  кымбатчылыкка моралдык дагы, базалык дагы даярданып алалы.


Дайыр Орунбеков, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн